www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгрияга расмий визит менен барган президент Сооронбай Жээнбековду Венгриянын вице-премьер-министри Михай Варга тосуп алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы маалымдады.

Билдир ылайык, расмий визиттин алкагында Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

“Жээнбеков жана Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат. Сапардын алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат”, - деп айтылган маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстан делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков президент Янош Адер жана Улуттук жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости