www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: УКМК киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча жардам берет

Автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан БШКнын серверине маалыматтарды коопсуз алып берүү үчүн УКМК менен биргеликте киберкоопсуздук боюнча иштер жасалып жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүн урналар маалыматты берүү боюнча тестирлөөдөн өттү, 95 пайызга ийгиликтүү иштеп берди. Учурда БШКнын серверине автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан маалыматтарды коопсуз алып берүү үчүн УКМК менен биргеликте киберкоопсуздук боюнча иштер жасалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын алыскы тоолуу райондорунда 11 шайлоо участогу бар. Ал жакта интернет байланышы жок болгондуктан, урналар эң жакын жердеги интернет бар аймакка жеткирилип, маалыматтар БШК серверине жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтөрүн аныкташат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 


 

Последние новости