www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров президенттикке талапкерлердин шайлоого карата шайлоочулардын чогулта турчу кол тамгаларынын саны менен макул болбогондорго (30дан 60 миңге чейин) өз даттануулары менен Жогорку Сотко жана Жогорку Кеңешке кайрылууну сунуштады.

Анын айтымында, БШК конституциялык мыйзамда белгиленген кол топтоонун шарттарын жана тартибин өзүм билемдик менен өзгөртө албайт.  

«Сиздер сотко кайрылышыңыздар керек. 3-декабрга чейин берилген кыска убакыттын ичинде кол тамгаларды топтоого үлгүрбөй калуу ыктымалын түшүнөбүз.

Бирок, биз сиздерге эч кандай жардам бере албайбыз », - деди Бахтияр Кадыров.  

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу, шайлоочулардын кол тамгаларын топтоо мөөнөтү кыскарган, бирок кол тамгалардын саны кыскарган эмес.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости