www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын прокуратурасы 5 миллион сомдон ашык суммага мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымдалды.  

Анын айтымында, борбор калаанын Биринчи Май районунун билим берүү борборунда текшерүү жүргүзүлүп, 2015-жылдан 2020-жылга чейин №28 мектеп-гимназияга 10 адам - ​​мугалимдер, китепканачылар, лаборанттар жана ийримдердин жетекчилери мыйзамсыз кабыл алынгандыгы аныкталды. Бул адамдар иш жүзүндө өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарган эмес, тийиштүү педагогикалык билими жана квалификациясы жок экендиги белгиленди.

"Ошол эле учурда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун билим берүү борбору, жогоруда аталган кызматтарда мыйзамсыз жүргөн мезгилинде, жалпы суммасы 5 миллион 221 миң 600 сом эмгек акы чегерилген жана төлөп берген", - деп жазылган сайтта.  

Бул факт боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320 "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 329 "Кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча катталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости