www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коммуналдык ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда шаар мэри шаардык жылуулук электр борборунун, «Жылуулуккамсыздоо» мекемесинин жана муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын аткарып жаткан иштерин талкуулады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Шаар боюнча айрым турак үйлөргө жылуулук толук жетпей же жакшы жылытпай жаткандыгы тууралуу жарандар кайрылышууда. Бул маселени жоюу боюнча катуу иш алып баргыла. Кайсы аймакта, кайсы турак-үйлөргө жылуулук жакшы жетпей жатса, тийиштүү адистер жерине барышсын. Анын себебин тактап, тез-арада жоюу аракетин көргүлө. Жарандар тарабынан кышкы жылуулук боюнча арыздар болсо, сөзсүз тийиштүү ишкана жетекчилерине чара көрүлөт. Кээ бир үйлөрдүн ички жылуулук системасында маселе болуп, жылуулук жетпеши мүмкүн. Ал үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, канализация, муздак суу системаларын оңдоп түзөө боюнча түшүндүрүү иштерин аймактык кеңештин төрагалары менен биргеликте күчөткүлө”,- деген Т.Сарыбашов.

Ошондой эле, шаар жетекчиси кар жааган мезгилде жолдорду кар, муздан тазалоо боюнча тийиштүү ишкана жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берген.

“Кар жааган учурда шаардын жолдорун, тротуар, аялдамаларынын айланасындагы кар, муздарды тазалоо иштерин күчөткүлө. Биринчиден элдин коопсуздугу маанилүү. Ошондуктан өз убагында көчөлөргө туз, кум чачып, жолдордун адам басуучу бөлүктөрүн кар, муздан тазалагыла”,-деген шаар башчысы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости