www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын жумушчу тобу президенттикке талапкерлердин кол тизмелерин текшерүүнү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык 20 талапкердин документтери текшерүүдөн өткөн. Биринчи 30 миң кол топтоо текшерилген. Жумушчу топ өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер болгондордун экөөсүнүн кол тамга боюнча документтерин жараксыз деп тапты. Бирок акыркы чечимди комиссия мүчөлөрү отурумда кабыл алышат.

Азыркы учурда президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышууда.

Белгилей кетсек, 14-декабрга чейин шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттайт. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости