www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда кеп бар: --"Бакырчаак төөнүн бары жакшы бакырып турса дагы жакшы” дегендей аянттагы бакырчаактар мамлекеттик кызматта иштебесе дагы, кызмат алууда. Алардын катарын, активист Төрөхан Жунусбеков толуктайт. Айтымында өзү айткандай, “Акылбек Жекшеновичке” кеңешчи болуп барганын жазып чыкты.

Урматтуу мекендештер!

Менин жашоомдо өлкө үчүн, мекен үчүн маанилүү кызмат кылуу маселеси бир нече жолу козголгон. Бул жолу алдыда боло турган иштер өлкө үчүн жана жеке мен үчүн чындыгында маанилүү болуп калды окшойт. Чай үстүндө Акылбек Жекшенович экөөбүз улуттук масштабдагы маселелерди талкууладык эле, атап айтканда, өлкөдө санариптик саясатты жайылтуу, элге ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүү менен мамлекеттик уюлдук компаниясын эң астыңкы орунга чыгарып бюджетке Миллиарддаган сомдорду киргизип, мамлекетибизди алдыга сүрөө максатында жол карталарын түзүп чыгып ошонун үстүндө талыкпай иштөө.

Өз өлкөмдүн патриоту катары, мен ар дайым аймактардын мамлекеттик кызматтарга жана санарип технологияларга жеткиликтүүлүгү жөнүндө суроолорду берип келем, бул бюрократиялык кырдаалды сапаттуу өзгөртүп, карапайым калктын жашоосун жеңилдетип, убакытын үнөмдөөсүн көздөйм.

Кеңешчи болуп бер деген сунушу үчүн жана ишеними үчүн Акылбек Жекшеновичке терең ыраазычылыгымды билдирем. Мен мындай уюмда болгонумду жоопкерчилик менен кабыл алдым, сунушту туура көрдүм. “Мегакомдо” - биринчи жана жалгыз ата мекендик компанияда иштөө мен үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик.

Улуттук масштабдагы жооптуу миссияны аткарууга, тактап айтканда, инфраструктураны түзүүгө жана өлкөдө санариптик саясатты жайылтууга багытталган, жетекчиликтин алдында мага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга даярмын жана толук аракет кылам деп баардыгыңыздарды ишендиргим келет. Менин келечектеги бардык иш-аракеттерим ушул максаттар үчүн жүргүзүлөт”, - дейт Төрөхан Жунусбеков.

Баса, "Мегакомдун" ханы Акылбек Жамангулов ич ара “акырын” айтылып жүргөн тендер боюнча да коомчулукка айтып койсо жакшы болот эле...Асылбек Жээнбеков менен канча акча бөлүшүп алганын... Бул тууралуу тема сөзсүз улантылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости