www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн жергебизге Эсенбайдын кышкы чилдеси түштү. Бул чилде тууралуу Жазуучулар Союзунун төрагасы болуп келген Чолпонбек Абыкеев да ММКларда дайыма жазып келет. Жакында «Атамбаевдин ата-теги каяктан чыккан» деген талкуу болду. Атамбаев президент кезинде тарыхчылар менен ата-тегин жасашкан, ал тууралуу сөз кылсак, Венера Апенова «кулсуң» дегендей кылат. «Кул» деп кыргыздар ата-тегин билбеген адамды айтат. Мен Адам атага чейин аталарымды санап бере алам. Кышкы чилдени Кочкор тарапта билгендер «Эсенбайдын чилдеси» дешет, мени билгендер «Эсенбайдын чилдеси» качан түшөт деп менден сурашат. Мунун жөнү бар, анткени Эсенбайдын баласы Келдибек болсо, Келдибектин баласы мен. Илгери метеорология жокто тиягы Казакстан, биягы Өзбекстанга чейин жыл кандай болорун билиш үчүн Эсенбай эсепчиге келишкен, өзү көп жылдар бий болгон. Атам Келдибек башкарма, директор болуп экөө тең жүзгө чукулдап көзү өтүшкөн. Эсенбайдын атасы Кудаяр, Качыбек Ормонхандын убактарында молдо болушкан. Карагул баатыр казактар Абылай, Барактарга кыргыз эркиндигин карматкан эмес, Чиркей, Тайлак, Олжотой, Тукур, Сүтөй, Манап, Дөөлөс, Кылжыр, Тагай, Агуул, Долон, андан ары Адам Атага чейин санап бере алам.

«Эсенбайдын чилдеси» түштү.

Эсенбай эсепчи чилденин, сууктун чыгышын үчкө бөлгөн. Эң биринчи чилденин дал баш чагында, “Кырк жигит” кетет деген. Бул 8-январдан 21-январга чейин 13 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болот. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”-деп коюшат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп кар кайта-кайта жааса “ Жыл жаанчыл жакшы болот экен” – дептир жарыктык. Эгер “Кырк жигит” кетип жатканда күн жылымыктап, кар жаабай калса, Эсенбай эсепчи кайгырып : “Бул жыл оор болуп калчудай. Быйыл жаан жаабай, кургакчыл болуп жер түшүм бербей дыйкандарга кыйынчылык болот окшойт. “Кырк жигит” кылжыңдап чыкты, арты жакшы болсо экен” – деп калчу экен. 21-январдан 3-февралга чейинки 14 күн "үт" деп аталып, кар ошол мезгилде өзгөчө калың жаайт.

Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча андан кийинки сууктун чыгышы 4-февралдан баштап “Кырк кыз” келет. Бул дагы он эки күнгө созулуп, “Кырк кыз” 4-февралдан 17-февралга чейин кетет. “Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт.

Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан. “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар ээрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык.

Чилденин акырында 18 – февралдан баштап дагы бир топ күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар. Муну 26-февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. ““Кемпир ыйлаак” биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. 
Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Куйругу менен козу калыптыр кокуй… 
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй
Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй
Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…
Барганактуу борошо бороон кылбаптырмын
Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин
Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп боздоп ыйлап кар борошолотуп буй түшүрүп кетет имиш.
Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”, деп шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.
“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет. 14 – февралдан баштап 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. 
26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот.

Азизибек Келдибеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости