www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда милицияда иштеген кызды зордуктоого аракет кылган адамдар кармалды.
Маалыматка караганда, жабырлануучу кыз шаардык милицияда иштеп жүргөн.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 2-январда саат 00:25 чамасында Аламүдүн РИИБге зордуктоого аракет болгондугу жөнүндө маалымат түшкөндүгүн билдиришти. Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Иликтөө тобу 1-январда саат 23:00 чамасында 26 жаштагы М.Э. (кыз) Токмок шаарынан Бишкекке келиш үчүн «Хонда Степвагон» унаасына отургандыгын такташкан. Унаанын ичинде дагы 2 жүргүнчү болгон. Лебединовка айылына келгенде ортодо чыккан чатактан улам аталган 2 адам кызга күч колдонуп зордуктоого аракет кылышкан. М.Э. ал учурда 102 кызматына байланышууга үлгүргөн. Кылмышка шектелгендер жашырынып кетүүгө аракет жасашкан. Бирок изи сууй электе кармалып, Бишкектеги тергөө абашына камакка алынган. Алар 35 жаштагы Т.Э. менен 40 жаштагы А.У. экендиги такталган.
Аталган факты боюнча зордуктоого аракет кылуу беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат, - деп жазат Турмуш басылмасы.
Булак: NazarNews.kg