www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо бир кычкачтын баасын 640 долларга чейин чыгарган ири коррупция жойлоп кеткени коомчулукка белгилүү болгон. Эгерде модернизациялоого жалпысынан 406 миллион доллар (долбоор – 386 миллион доллар, ага кошумча дагы 20 миллион доллар сарпталган) коротулган болсо, анын бери жагы эле жарымысы (200 миллион доллар) ошол убакта экс-президент А. Атамбаевдин «оң кол, сол колдорунун» жеке чөнтөктөрүнө солонуп кеткени улам ачыкка чыгууда. 

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, бир катар экс-үлкөн чиновниктер камакка алынганы да маалым. Ошолордун бири мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго «Коррупция» беренеси боюнча акыркы айыбы угузулду. Ага ылайык С. Исаков 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Коомчулук дагы мына ушундай коррупцияга аралашкан чиновниктердин мыйзам чегинде тиешелүү жазасын алуусун күтүп турат. Коррупционерлерге эч качан аёо болбошу керек. Ошондо гана өлкөбүз өнүгөт.

Булак: "Чыркыраган чындык"

Последние новости