www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-январь күнү жалпы Кыргызстандын Ак ордосу болуп саналган Ак үйдүн алдына бир жигит келип: «Мамлекетти уурдап-жеген, ичкен биздин байкелерибиздин жана ушул мамлекет башчыларында иштеп кеткен жегичтердин жана колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына, мына карап тургула…», - деп туруп, мурдундагы болгон какырыгын оозуна тартып, «шалп» эттире түкүргөнүн өзү видеого тартып, өзү таратканына күбө болдук. Муну менен ал 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген айып пулдар боюнча мыйзамга каршы нааразычылыгын билдиргендей болду. Анан ал капчыгынан 5500 сом алып чыгып: «Штрафыңарды алып кеткиле» деди.
Кыязы, бул жигит ушундай аракети менен өзүн укмуштай эр ойлоп алды көрүнөт. Биринчиден, ал жер жалпы өлкөбүздүн Ак ордосу болуп саналарын эске салышыбыз керек. Ошол жерге келип түкүрүү - өз мамлекетиңдин, өз элиңдин бетине түкүрүү болуп саналат.
Эгерде ошол мыйзамды токуп чыккандарга нааразы болсо, анда ошолордун үйүнүн алдына барып түкүрүшү керек эле. Мисалы, ал мыйзам долбоорун сунуштаган депутатты таап (адашпасак Дастан Бекешов болчу), анан ага кол койгон экс-президент А. Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайына барып шалп эттире түкүрсө жарашмак.
Тилекке каршы, бул жигит дал ошол Атамбаевдин өзүнүн тапшырмасын түздөн-түз аткарып жатканы түшүнүктүү болуп калды. Кыязы, ал ушундай «эрдик» жасашы үчүн АШАнын адамдарынан 10 «түкүрүктүн» акчасын алса керек.
Кыргызда «Ойлонбой сүйлөнгөн сөз онтонтпой ооруга чалдыктырат» деген сөз бар. Анын сыңары бул жигит дагы АШАнын акчасына алданып, жалпы кыргыз элинин алдында өзүнүн жүзүнө көө сүйкөп алды. Бул мыйзам бүгүнкү күндө күчүнө киргени менен, ага кол койгон дал ошол өзү тапшырма алган экс-ажо экенин адегенде билип алса болмок экен.
Булак: "Чыркыраган чындык"