www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ал түкүргөндөн кийин 5500 сомун санап, "айып пулуңарды келип алып кеткиле" деп кайрылган.
Социалдык тармактарда Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүрүп, бийликке нааразычылыгын билдирген кишинин видеосу тарагандан кийин, ага издөө жарыяланган.
Түкүргөн адам: "Мамлекет башчылары чыгарган мыйзамдар кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо, мен дагы өзүмдүн салымымды кошкум келип жатат",- деп кайрылган.
Ошондой эле мамлекетти уурдап жегендерге жана карызга батыргандарга нааразычылыгын билдирип, Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүргөн.
Андан кийин 5500 сомун санап, "Айып пулуңарды келип алып кеткиле",- деген.
Учурда Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери эреже бузган кишини жазага тартуу үчүн издеп жатат.
Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс иштей баштаган. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө карата 5500 сом айып салынат.
Булак: NazarNews.kg