www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1992-жылы майда Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы Бээжинге барат, аларга Кытай дипломаттары кыргыз-кытай мамилеси 2300 жыл мурун эле түзүлгөн экен дешип, ар бир барагы миң беттен ашык 25 томдук жазма тарыхты көрсөтөт. Булар азыр да толук изилдене элек.  Балким, ошол мезгилде көчмөндөрдүн чапкынынан курулуп жаткан Улуу Кытай сепили, кыргыздардын кирип келишинен чоочулап курулгандыр. Башкысы Кытай ошол кезде эле даңазасы чыгып турган кыргыз мамлекетинен абайлап келишим түзбөсө, жөн эле мамлекет менен ушунча көп беттүү, ушунча көп томдуу келишим түзмөк беле?  Кыргыздар биздин заманга чейин эле Кытайдын безине тийин, оппозиция болуп келишиптир.

Доорлор алмашып Кыргыз мамлекетинин эң гүлдөгөн мезгили 500-жылдан 1100-жылга чейин, 600 жыл боюу Энесайда Кыргыз Улуу державасын түзүшкөн. Чыңгызхандын жапырыгынан соң бул держава тамам болот, бирок Супатай баштаган нойондору, аскеринин көпчүлүгүн кыргыздар түзүшүп, Чыңгызхандын аскери менен дүйнөгө тарап кетишкен. Улуу кыргыз державасы менен Азиянын итапкан бөлүгүн чоюп турганда Кыргыз каганаты өзүнө оппозиция болгон Түрк каганатынын, Уйгур каганатынын таш-талканын чыгарып турган.

Кайрадан доорлор алмашат. Орто Азияда бийлик Чыңгызхандын тукумдарында калат. Бир гана кыргыздар Чыңгызхандын тукумдарына оппозицияга чыгышып, бийлик башына көп жылдар алардын туткунунда болгон кыргыз Тагай бийдин жетекчилигинде калат. Ал кезде кыргыздарды «Моголстандын арстандары» дешкен.

Кайрадан доорлор алмашат. Кокон ханына баш ийбей, оппозицияга чыгып, Ормон аркалык кыргыздардын башын кошот. Ал кезде алсырап турган Кокон буга айласыз макул болуп, аны колдон чыгарбай «парваначы» деген наам берген. Ормонго болсо бир атадан тараган жакын тууганы Балбай оппозицияга чыгып, акыры алардын колунан каза табат.

Кайрадан доорлор алмашат. Кокон ханындагы эң таасирлүү вазирликке чейин жеткен Алымбек датка аркалык кыргыз туугандары орустар менен биргелешкен салгылашууда Коконго оппозицияга чыгып, кандуу кармашка кирбей коюп, акыры Кокон ханы тарабынан алданып өлүмгө дуушар болот.

Кайрадан доорлор алмашат. Оторчу орустар кыргыз элин таштак жерлерге кубалап, өз үлүштөрүн көбөйтүп жаткан учурда, эл улуттук- боштондук күрөшкө чыгат. Көпчүлүк болуштар Канат, Мөкүш хан шайланышып эл менен болот. Аларга оппозицияга чыккандар орустарга жагынышып, аларды сатып, кармап беришкендер болгон.

Кайрадан доорлор алмашат. Совет мамлекети учурунда Бухаринге ичи жылып кетип, Баялы Исакеев «Кара жорго» бийин бийлеп жибериптир. Исакеевге окшогондорду баканооздор тытмалап, канчалаган мыктылар жок болушту. Сталиндин өмүрүнүн аягында оппозициянын барын жанчып отуруп, жок кылып отуруп эч ким калган эмес. Хрущевго 1957-жылы Молотов, Кагановичтер оппозицияга чыгып аларды кызматынан алып «политический трупка» айланткан. Бул сөздү Хрущевден кыргызчалап «саясий өлүк» деп 2006-жылы которгом, бирок Атамбаев мен чыгаргам деп жүрөт. 1964-жылы Брежнев оппозицияга чыгып бийликти алат. Брежнев карыган учурда 1980-жылы Машеров оппозицияга чыгып жол кырсыгынан улам кайтыш болот. Аны колдоп турушкан ал кездеги жаш Султан Ибраимов сыяктуулар киши колдуу болуп жок болушкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости