www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш- чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен областынан “А. уулу У.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “VOLVO FH13” үлгүсүндөгү таранспорт каражатын “KOGEL SN24» маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 18156 кг., болгон “кургатылган өрүк”, “кургатылган ит мурун”, “компот аралаштырмасы” жана “тазаланбаган жер жаңгак” табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1182240 сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости