www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү парапсихолог, Мелис Карыбековдун "Чагылган" сайты тартып алган видеотасмасы тарады.
Маегинде ал, Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун достугу тууралуу айткан. Азыр бул кишиники эмне менен бүтөөрүн билем. Атамбаевдики оорураак. Эки периштеси менен көрүп турам. Бул күчтүү лидер, Атамбаев кыргызга көп нерсе жасап кетти. Адам катары Жэнбеков таза киши. Атамбаевге Жээнбеков тең келе албайт. Алмаз байкебизге кирип чыкканча ойлоносун, эмне дейт эмне деп сөгөт.
--Сиз Жээнбековдун президент болоорун билдиңиз беле эл билбейт го? – деген суроого,
--Айткам, Осмонбек Артыкбаев, Кыянбек Сатыбалдиев бар эле. Мен ойлогонмун Жусуп Шарипович болот деп ойлогонмун. Атамбаев кут кармаган инсан.
--Сиз шайлоодо айткансыз, эмне үчүн мурун айткан эмессиз?
--Айткым келген эмес. Анткени бирөө тартып алат экен...деп айткан видеотасмада суроолорго жооп берип жатып, андан сырткары эки достун өз ара мамилесин мен минтип эле айтып койоюн, ортодо чабыштыргандар эле уят болот. Дөңгөлөк айланып кетти. Бул улуттун тагдыры”, деген ал.
Кыска убакыттын аралыгында, Мелис Карыбеков тууралуу Бүрайла апанын аткандарын окурмандарга жарыя кылабыз деп жазган элек.
Анда эмесе микрафон Бүрайла апада
Эл арасында кызуу айтылып, анан эле жок болуп кеткен Мелис Карыбеков тууралуу Бүрайла апанын бир нече тактоолорун уккан элек. Бүрайла апа дагы алдына-ала айткан айтымчылардын алдыңы саптарына кирет. Ал 2002-жылы Курманбек Бакиевди президент болот деп “Жаңы Ордо” гезитине маек берген. Андан кийин эле 2007-жылы, “Алмазбек Атамбаев президент болот” деп коомчулукка жар салган. Эми Бүрайла апанын, парапсихолог Мелис Карыпбеков тууралуу кыска маегин назарыңыздарга салалы.
--2009-жылы Алмазбек Атамбаев олтурган Форумга барып калдым. Кабылдамасына барып, Атамбаевге жеке маселе менен кирип чыгууну сурандым. Ал мени Асел деген айымга жолуктурду. Ага жолукканда мага түшкөн аяндардын баарын айтып бердим. “Алмазбек Атамбаев президент болот. Буга чейин да Курманбек Бакиевди президен болот деп, “Жаңы Ордо” гезитине маек бергенмин”, деп эле оозумду жыя электе Асел айым, мени Болот Сүйүнбаевге киргизип кетип калды. Ага кирсем эле, Болот Сүйүнбаев, “келиңиз Бүрайла эже” деп тосуп алды. Ага дагы мага түшкөн аяндын баарын айтып бердим. Көрсө мен ошондо карышкырга кой кайтартып койгон экенмин. Кийин эле түшүмдө, “сенин айткан аяндарыңды, бир аял сатып жиберди, 6 күндөн кийин бир эркек коомчулукка жар салып айтып чыгат”- дейт. Чын эле 6 күндөн кийин курсагын дардайтып Мелис Карыпбеков менин айткандарымды айтып чыгып атпайбы? Анан эле ТВдан улам-улам чыгып сүйлөп жатат. Эми кыйын экен эртеңки күндү айтып берсин, айта албайт. Анткени ал жалганчы, эч нерсени билбейт. Менин аянымда алар тартып алган. Кыйын болсо мени ал сотко берсин. Менин аяндарымды алгач Асел Кодуранова менен Болот Сүйүнбаев уккан, айткандарымды Кудайдан коркпосо ушул экөө “калп” деп айтып көрсүн. Булар калп дей турган болсо, менин айтканымды чын деп айта турган киши бар, - деди Бүрайла апа.
Жакынкы күндөрү Бүрайла апанын президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу кеңири маегин Сиздерге сунуш кылабыз.
Булак: NazarNews.kg