www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мына, урматтуу Кыргызстандыктар! Карагылачы, Садыр Жапаровду жок кылыш үчүн Атамбаев кандай иттчиликке барганын. Карапайым балдарды ур тепкиеге алып, жалган көрсөтмө алышкан. Мени барамтага алууда Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок деп Каптагаев жөн жерден чырылдаган эмес. Абдил Сегизбаев, Бакиров аттуу тергөөчүсүн кошуп туруп, өздөрүн камакка алып, Садыр Жапаровду токтоосуз чыгаруу керек.
Сооронбай Шарипович, өзүңүз айттыңыз эле. "Адилетсиздик болгон ишке сөзсүз өзүм кийлигишем" деп. Мына эми ушул фактылардын негизинде Жогорку сотту жеке көзөмөлүңүзгө алып, Садыр Жапаровду чыгарыңыз.
Садыр Жапаровко каршы көрсөтмө бергеним үчүн, Атамбаев сөзүнө туруп, помиловать этип мени чыгарып кетти, бул да мыйзамсыз, мени да помиловать эмес, акташыңар керек деп, Кенжебек Жумабаев өзү Жогорку сотко кайрылып жатат. Аны да актап, саясий соодалашуу коррупциясын жасаган Атамбаев "досуңузду", Сегизбаев, Бакиров жана башка "НКВД"шниктери менен кошуп, катаал чараларды көрүңүз. Эл күтүп жатат.
Качкынбек Булатов, укук коргоочу
Булак: NazarNews.kg