www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан маалыматка караганда, 13-майда катуу жааган жамгырдан улам Өзгөн районундагы Кандава каналынан суу ашып, 15 үйдүн короосун, 1 үйдүн жертөлөсүн суу каптады. Мындан сырткары Тынчтык айылында 3 үйдүн короосун суу каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 1 жүктөгүч, өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ушул эле күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ак-Турпак каналынан суу ашып, 12 үйдүн короо-сарайына жана 1 үйдүн полуна чейин кирген. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Окуя болгон жерде ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмү жана Жарандык коргонуу комиссисы иш алып барууда. Селдин кесепеттери эсептелип жатат.
Булак: NazarNews.kg