www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан гендердик зордук-зомбулук жасаган, айрыкча балдарга зомбулук көрсөтүп жазасыз калгандардын ишине чекит коюшу керек. Бул тууралуу ЮНИСЕФ, «БУУ — Аялдар» жана адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын маалыматында жазылган.
«13 жаштагы окуучу кызды алты ай бою зордуктап, кийин аны видеого тартып алып коркуткан эки кишинин акталып, бирөөнүн жазасы жеңилдетилди деген маалыматты ЮНИСЕФ, «БУУ — Аялдар» жана адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгы талкуулап, мыйзамдын аткарылышына чакырат. Бул учурда күнөөлүү адамдар адам укугу боюнча эл аралык стандарттардын негизинде жоопкерчиликке тартылышы керек», — деп айтылат маалыматта.
Алар бийлик акыйкаттык орнотуп, гендердик зомбулукка кабылгандарды реабилитациялоо керектигин белгилешкен.
«Жазык кодекси жана адам укугу жаатында эл аралык стандарттар боюнча күнөөлүүлөр жазасын алса, башкаларга жакшы сабак болмок», — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган уюмдар гендердик зомбулуктун курмандыктары болгондордун иши боюнча улуттук институттарды реалдуу кадамдарга барууга чакырган. Билдирүүдө иликтөө жүрүп, күнөөлүүлөр жазага тартылышы зарыл экени белгиленет.
Эске салсак, акыркы күндөрү социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун чечимине нааразычылыгын билдирүүдө. Коомчулукка ал 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктады деп шектелген үч кишинин экөөнү актап ийгени түшүнүксүз болуп жатат.
Булак: NazarNews.kg