www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жыныстагы түгөйлөргө бала асырап алууга тыюу салынды

Венгрия парламенти бир жыныстагы түгөйлөргө бала асырап алууга иш жүзүндө тыюу салган мыйзамды жактырды. Премьер-министр Виктор Орбандын улутчул партиясы үстөмдүк кылган парламент 15-декабрда документти 134 добуш менен колдоду, 45 депутат каршы болду, бешөө калыс калды.

Мыйзам долбооруна ылайык, баланы расмий никеде турган жуптар гана асырап ала алат. Жалгыз бой адамдар тиешелүү министрликтен атайын уруксат алууга тийиш. Венгрияда бир жыныстагы жарандардын расмий баш кошуусуна жол берилбейт. Укук коргоочу уюмдар долбоорду катуу сындап келатышат.

Мыйзам чыгаруучулар Конституцияга бир нече өзгөртүүлөрдү кабыл алып, үй-бүлө – эркек ата, аял энеден турат деген аныктаманы киргизишти.

Буга чейин кумса жана лесбиян түгөйлөрдүн, алардын бирөө жалгыз бой катары арыз берсе, бала асырап алууга мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Орбандын партиясы барган сайын башкаруунун авторитардык ыкмаларына өтүп жатат. Партия христиандардын консервативдүү баалуулуктарын жактап, ЛГБТ маселелерине каршы болуп келатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости