www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Жакынкы Чыгыш тынчтык процесси боюнча атайын координатору Николай Младенов, БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Газа тилкесинде күчөгөн чыңалууга көңүл буруп, жаңы кагылышуунун эч бир тараптын кызыкчылыгына жарабай турганын айтып, Палестина, Израиль жана аймакта «кыйратуучу натыйжаларды туудура турганы» боюнча эскертти.

Палестина жана Израилди болушунча тынчтанууга чакырган Младенов: «Газада дагы бир жолу апаат менен жыйынтыктала турган коркунучтуу чыңалууга туш болушубуз мүмкүн, акыркы жылдарда болуп жаткандар согуштун босогосуна канчалык жакын экенибизди көрсөтүп койду»,-деп айтты.

Младенов, Газадан Израилге атылган снаряддардын токтотулушу керектигин айтып, Израилдин коопсуздук күчтөрүн болсо тынчтыкка чакырды.

Газадан атылган снаряд мурдагы таңда Тель-Авивдин түндүгүндөгү Шарон аймагындагы бир үйгө түшүп, 7 киши жаракат алган. Бул боюнча Израиль башкаруучулугу Газага ачылган Керм Абу-Салим жана Бейт Ханун чек ара капкаларын жаап таштаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо мурдагы күнү Сирияга таандык Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлик кылуусун тааныган документине кол койгон.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1981-жылы чыгарган 497 номердүү чечими Израилдин Голан дөбөлөрүн басып алуусуна каршы чыгууда жана чечимде «Израилдин басып алуу астындагы Голан дөбөлөрүндө өз мыйзамдарын, сотун жана башкаруусун ишке ашыруу күчүн жоготот жана эл аралык юридикалык күчү жок»,- делген.

Израиль, Сирияга таандык Голан дөбөлөрүн 1967-жылдан бери көзөмөлдөп келет.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости