www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бүгүн, 28-март күнү Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга учуп келет деген маалыматтар чындыкка дал келбейт, ал жакын арада сөзсүз келет, бирок бүгүн эмес."-деген маалыматты Республика саясий партиясынын штабы NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

"Биз дагы чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Качан  учуп келерин Өмүрбек Бабанов алдына ала айтат"-деп жазылган билдирүүдө.

Эске сала кетсек, акыркы күндөрү Өмүрбек Бабановду кайра Кыргызстанга келет деген кеп тарап, социалдык тармакта кызуу талкууга алынган эле. 

Баса, жакында эле Ташиев менен Бабанов капысынан бири-бирин Москванын кең шаарынан көрүп калып, саясатты аябай талкуулаганын жергиликтүү ММКнын бири жазып чыккан эле. 

Кыскасы, саясат деген сойкулардын эле жүрүшү экен. Парламенттик шайлоода эки партия баш кошо калып, анан  эле "Республика" партиясы Ташиевди тизмеден тээп салганын Бабанов "мен сени тизмеден чыгарган эмесмин, Атамбаев кылган", деп койгону таң калычтуу эле болуп, мындайча айтканда кеткен келин жаман болду да калды.

Ток этээрин айтканда таластык менен жалал-абаддык эки саясатчынын жолугушуусу  Ташиевдики "рассакам галати" Бабановдуку "койчу, мине болуп атсың...энеңи.." дегендей эле болуп калды да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости