www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 27-мартта мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму болуп өттү. Маалыматтарга караганда соттук отурумда Конгантиевге 2005-жылы 24-март окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбөлөр жана Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалынын мурдагы жетекчиси Мелис Батырбеков суракка алынган.
Соттук отурумда жабырлануучу Мелис Батырбеков, Молдомуса Конгантиевге эч кандай арыз-муңу жок жана Конгантиев ага кол кабыш кылгандындыгын айткан.
Эске сала кетсек, өткөн жылы Конгантиевге кылмыш иши жок деген жүйө менен кылмыш иши кыскартылып кеткени айтылган. Мындай чечим социалдык тармактарда каттуу талкууга алынгандан кийин гана КР президенти Сооронбай Жээнбеков Конгантиевдин кылмыш ишин кайра карап чыгууну Башкы прокуратурага тапшырган.
Башкы прокуратура 2018-жылдын 12-декабрында Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча УКМКнын чечимин жокко чыгарып кайра ишти көзөмөлгө алган.
Белгилей кетсек, милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан баштап, 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлиги кызматын аркалаган.
Тилекке каршы 7-апрелдеги мамлекеттик кандуу төңкөрүлүштөн кийин Конгантиевдин “өлгөн атынын такасына чейин изилденип” Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Айрым такталган маалыматтарга таянсак, учурда Молдомуса Конгантиевдин абалы жакшы. Калк арасында жана кесиптештеринин арасында кадырлуу. Өз кесибин мыкты билген инсан. Чыгаан, көрөгөч саясатчы.
Баса, 2010-жылы Талас облусундагы болгон окуяда кызуу кандуулардын арасында калып кетип канга боёлсо дагы өзүнүн чечкиндүү көрсөтүп, эч кимди сатпаган.
Эми ошол Конгантиевди сабаган зөөкүрлөргө качан кылмыш иши козголот? Же мыйзам тааныш-билиштерге гана барбы? Мисалы, Ташчайнарды атайын органдар тааныбайбы?
Кыскасы, 2010-жылдагы кандуу-каргашалуу окуя мамлекеттин же элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, аянттагы ант ичип дагы деле “өлбөй” жүргөндөр үчүн гана болгон. Арадан 10 жыл өтсө дагы алар эшектин ээр-токумун эмес, батинкенин боосун чеч элек. Уят, өтө уят Алмазбек Шаршенович, Роза Исаковна...Текебаевге го Атамбаев төрдөн орун алып берди, Бекназаров бешиктеги баласын кармаган боюнча сыртта калды. Алмазбек Атамбаевдин болгон кызматы, креслону тынч, мамлекетти баш-аламан кылып Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди.
Кандай болгон күндө дагы ойлонгула, талдагыла....элден кечирим сурагыла...өмүр өтүп жатат, тарых, келечектин чыгаан муундары силерди замбирек менен эмес, атомдук бомба менен жарып жүрбөсүн...Күнөөңөрдү сезип, аянтка келип эл астында кечирим сурап, антыңарды кайтарып алсаңар жакшы болот беле? Же силерди төбөсү бийик көк уруп кете берсинби?!
Булак: NazarNews.kg