www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 27-мартында, "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү - келечекке салынган инвестиция" аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун форуму болуп өттү.
Иш - чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында жүргүзүлгөн. Форумга Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россиянын Агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келген.
Ал эми Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КРдин жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 ЖОЖдун ректорлору катышууда.
Иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы илим-билим алкагында кызматташтыкты кеңейтуу максатында жогорку деңгээлде жана бул багытта иш алып барган өкүлдөрдүн катышуусунда өткөрүлдү.
Форумдун соңунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы Адылбек Бийбосунов жана Россия Федерациясынын Оренбург мамлекеттик университетинин ректору Жанна Ермакова кызматташтык боюнча эки жактуу келишимге кол коюшту.
ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg