www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын акчасын капчыгына толтуруп, кыргыздарды да бузуп жылаңачтап салгысы келгендер толтура. Алар кыргыз салтын бузушуп ЛГБТ, лезбианчылык, гомосексуализмди Кыргызстанга жайылткысы келишет. Тынч кыш мезгили аяктап, чуулгандуу жаз айларына кадам койо баштады. Учурда дүйнөнү дүңгүрөткөн ызы-чуулар башталды. Жалган маалымат менен элди дүрбөтүү социалдык тармактарда пайда болду. «Өрөөн кеңейсе өгүз семирет, өлүк көбөйсө молдо семирет» -дегендей, өлүк көбөйүп бараткан Орус-Украина кармашынан Жээнбеков сыяктуу чырагына май тамгандар көбөйдү.

УКМК ал жетектеген телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деп кылмыш ишин козгоду. Аталган канал "Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабарды Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип социалдык барактарга тараткан. Иликтөөлөрдүн натыйжасында, эксперттер маалыматта кастыкты козутуучу белгилер бар экенин аныкташкан. Ал эми, NEXT телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков Батыштан алган акчаларына таянып, кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, канал ар бир маалыматты кайсы бир булакка шилтеме берүү менен тарата турганын билдирди.

Равшан Жээнбековду АКШ Конгресси колдогондуктан ал ЛГБТ дегенде уктап жаткан уйкусунан ойгонот. Ал айланып келип АКШны карай берип, алар уюштурган митингдин башында жүрөт, өзүн батышчыл эсептеген Жээнбеков кыргыз элин каада-салтынан батыштын кыргыз элине туура эмес салттарынын башында турат. Аны кайрадан жарыкчылыкка караңгылык сыз жерден алып келер менен АКШнын долларбайына жамынып учурда Орусияга каршы чыгып жатат. Талдап көргөн адамга «Жакшылыкка жамандык» кылып жаткан кербези. Болбосо, Орусия батышка караганда көмөк көрсөтүп жатат го.

Кыргызстанды чоң атасынан калган байлыгындай кылып, каалагандай калчап, каалагандай талкалап, боткосун чалып, байкуш элдин, мээсине чай кайнатып ичкендердин бири Равшан Жээнбеков. Анын кайынатасы “наркобарон” Алымбай Султанов Атамбаевдин көздөй кан кудасы. Булардын бары чырмалышкан, чырмоок-зыянкечтер. Алар түз эле Кыргызстанды тозок отуна  алып баратышкан. Булардын, пайдасынан зыяны көп элдин мээнетин талкалап жешип, өздөрү май каймактарын жалап отурушкан. Кудайдан жөө качкандар бир үйүр болуп алып, Кыргызстанга саясый сойкулукту алып келип, кыргызды 30 жылдан бери карыз сазына батыргандар. Кыргызга тынчтык бербей, олку-солкулукту уюштуруп келгендер, ушулар жана булардын акчасына алданган, байлык үчүн, мансап үчүн колдогондор.

Кыргызстандын, 400 дөн ашык обьектин жалгыз Жээнбеков жайлап койгон. Ага өндүрүш ишканаларынын иштеши эмес, арзыбаган баага сатылган, тыйыны кызыктырган, болчу. Сатып алган, келесоолор да, тааныш-билиш, өндүрүштөн түк түшүнүгү жок адамдар, жең учунан, сатып алгандыгы, көп жылдар өткөн соң  ачыкталып олтурат. Алар эмне кылаарын билбей, ичиндеги станокторун, курал жабдыктарын металломго бир килосун  1 сомдон сатып жиберишти, азырга чейин, негизги курулуштарын, кирпичин--кирпичтей кылып, талкалалап сатып жатышат.

Жээнбековдун байлыгын санабай койо туралы, анын карындашы судья Жээнбекова Мирага тиешелүү 74 элиталык үй, 19 соода, коммерция жасай турган зор жайы, 10дон ашык машина коючу жай, көптөгөн «Золотой квадраттагыдай» кымбат  баалуу жер участоктору бар.  Ал эми, Жээнбеков болсо Кошмо штаттарынын Аризон штаттында хансарай сатып алып, ширеңке сатып алгандай күпүлдөгөн, анын олку-солку саясаты Батыш менен чырмалышкан. Ошондуктан, ал дайыма ностальгияга батып, аны ушул байлыкка жеткизген апчеси Майрам Акаева менен Батышты дайыма эсине түшүрүп, буларга көп кайрылат. Айрыкча Батыштын буюртмасы менен «Манас-Ганси» авиабазасы тууралуу көп эскерет. Негизи Равшан Жээнбековдун колунан кантип келсин, Батыштын шамалы менен Кыргызстанда дайыма чыр болуп, бийлик алмашып турушун каалайт. Керек болсо ал кудасы Алмазбек Атамбаевди да аяган жок. «Чу» дегенде эле Жээнбековдун жүрөгүн ээлеп алган жарымысы, чүрөктөрдүн чүрөгү, көлөкө жерде өсүп чоңойгон жубайы Салкынай Алимбаева кадимки экс-депутат Үзөңгү-Куушту сатып байлыкка туйтунган Алымбай Султановдун кызы.

Алымбай Султанов казино, карта ойногон кумарчы болгону менен, «чоңдор» менен кудалашканды жакшы көрөт. Ал Семетей деген уулуна Атамбаевдин Динара деген кызын алып берип, Атамбаевке күйөө бала кылган. Атамбаевдин убагында май-талкан, баңгизатты көзөмөлдөгөн орган казиночу генерал Султановдун колунда болгон. Кыргыздын «наркобарону» десек жаңылышпайбыз.

Жээнбековду эң алгач президент Аскар Акаев Ак үйгө алып келди. Аны президенттин жардамчысы катары дайындады. Ал мезгилде Аскар Акаев тышкы иштер менен алек болуп, ал эми жардамчылары Кыргызстандын ичин өзү билип калган. Равшан Жээнбеков жаштык жалынына салып Акаевдин көңүлүнө тез эле жакты.  Аны чагылгандай тездик менен көтөрүп Президенттик аппараттын Иш башкармачылыгынын төрагысынын биринчи орун басары кызматына дайындаган. Жаш жигит иштеп жатат, өсүп жатат бул биринчиден, экинчиден Акаевге жакканы жубайы Майрам Акаеванын иниси. 2001-жылы Мамлекеттик Мүлк комитетинин төрагалыгына дайындайт. Бир заматта Жээнбеков мамлекеттик 400 обьекти арзан баада сатып, өзү да байлыкка туйтунуп чыга келди. Акаевдин мээси голографияны билип дүйнөлүк окумуштуу болгону менен Жээнбековдун келечегин көрө алган жок. Анткени, Акаевдин башына кара туман айланар менен өзү көтөрүп келген Равшан Жээнбеков эң биринчи каршы адамына айланган. 2005-жылы аны маммүлктү башкартып байлыкка бөлөгөн Акаевди сатып, таластан туу көтөрүп чыгып бийлик үчүн, байлык үчүн Акаевдин кетишине чоң салым кошту.

Курманбек Бакиев аны тим койгон жок Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Толук укуктуу Элчилигине койду. Жээнбеков  АКШдагы Түндүк Америка Евразиялык Университетинин департаментинин директору болду. Равшан Жээнбеков андан кийин алыскы мамлекетке элчи койгон Бакиевди сатты, оппозицияга өтүп ага ор казып, 2010-жылы бийликтин алмашуусу үчүн күрөштү. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен биригип парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартышса да, догурунуп жатып депутат болуп келди. Убакыт өтпөй Текебаевдин «Ата-Мекенине» каршы чыгып, аны да сатты.

Жээнбеков Акаевке жардамчы болуп, апчеси Майрам Акаева Мүлк фондун башкартып койгондо, саясат жагынан Бабанов «чүкө» ойноп жүргөн бала болчу. Балким, ал деле жээни Айдар Акаев менен бизнестин битин сыгып, тиешелүү адамдарга рейдерлик кылып жүргөндүр? Илимдин доктору Аскар Акаев «Экономика физиктин көзү менен» деген фундаменталдуу эмгек жазган. Чындыгында, «физиктин көз карашы» боюнча Кыргызстанды Аскар Акаевдин жердештери кеминдиктер тейлеп, «коммунизмден» «кеминизмди» көздөй баратканбыз. «Физиктин көз карашы» боюнча экинчи чоң топ жубайы Майрам Акаеванын классташтары, ага-инилеринен түзүлгөн таластыктар тобу элди мүлжүгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости