www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 3-март күнү жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип Бишкекте аймактык милициянын кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-февралда Н.О. аттуу жаран 2022-жылдын 16-февралда саат 21:00 чамасында Кулиев көчөсүндө жайгашкан жеке үйлөрдүн биринде 2008-жылы туулган жашы жете элек кызын зордуктаган белгисиз адамга карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган.
Арыздын негизинде, Биринчи май райондук милициясы КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (“Зордуктоо”) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган М.М.нын өздүгү такталып, кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Аталган кылмышка үч милиция кызматкеринин катыштыгы бар экени тууралуу маалыматка байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө дайындалган.
Ошентип, кечээ, 3-мартта кылмышка шектүү катары милициянын лейтенанты 1988-жылы туулган А.Э. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.
Булак: NazarNews.kg