www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак-Ордо конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалган соң, анын көрсөтмөлөрү жеринде текшерилген. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ведомстводон билдиришкендей, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жасалган эки адамды өлтүрүүгө шектелген 2006-жылы туулган И.С. кармалган.
Эске салсак, 2025-жылдын 3-октябрында үйгө белгисиз эркек киши кирип, үй ээсине жана анын эжекесине бычак менен өлүмгө дуушар боло турган жаракаттарды келтирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси "адам өлтүрүү" менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө, маркумдун жубайы кенен көрсөтмө берип, шектүүнү тааныган.
Шектүү жаран ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбооруна кошулган видеокамеранын жардамы менен кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.
Кийинчерээк, кылмыш болгон жерде көрсөтмөлөр текшерилип, шектүү Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда жасаган аракеттерин кеңири кайталаган жана Ысык-Көл облусуна бара жатканда Боом капчыгайындагы тилкеге бычактарды ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген. Кармалган жарандын көрсөтмөсү видеожазууга жазылды жана далил катары кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер министрлиги өз ишмердүүлүгүндө ачыктык жана айкындуулук принциптерин карманат, кошумча маалымат берилет",-деп айтылат билдирүүдө.