www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер тарабынан которулган каражат быйыл кыйла аз.

Алсак, мигранттардын жыл башынан бери которгон акчасы 1 млрд 107.3 миллион долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 31,5 пайызга же 510.8 миллионго аз.

Мына 2023-жылдын июль айында 145.9 млн доллар которулган. Бул май айына караганда 17.9 млн долларга аз болгон. Которулган акчанын басымдуу бөлүгү 132.2 млн. доллар Россияга туура келет. Башка өлкөлөрдөн 6 млн, АКШдан 4,5 млн, Түркиядан 1.7 млн доллар каражат которулганын билдирди.

Ошол эле учурда июль айында жеке адамдар Кыргызстандан башка өлкөлөргө 30 млн доллар которушкан. Мында Россияга 28 млн доллар, алыскы өлкөлөргө 1.1 млн доллар которулган. Азырак бөлүгү Казакстан менен башка өлкөлөргө чыгарылган.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жети айда жалпысынан 286.8 млн доллар акча Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости