www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кантта темир жолчулар жергиликтүү тургундарга, билим берүү мекемелеринин жана мектептердин окуучулары арасында темир жол коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
"Кырсыкты алдын алуу үчүн машинисттер поездди чукул токтотушат. Бирок токтотуу аралыгы 800 метрден 1200 метрге чейин баргандыгына байланыштуу поезд дароо токтобойт. Темир жолго бөтөн нерселерди, таштарды, металл буюмдарды таштоо фактылары дагы эле катталууда. Мына ушулардын бардыгы поезддердин участокто кечиктирилишине, поезддердин графигинин бузулушуна, натыйжада темир жолдун чыгымга учурашына алып келүүдө", - дешти томир жолчулар.
Түшүндүрү иштери Ысык-Ата районунун айыл аймактарында уланууда. Ушундай эле иш- чаралар башка райондордо да өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, 2023-жыл башынан бери темир жолдо 76 жолу поезддерди чукул токтотуу фактылары катталган. Анын ичинен 67 учурда кагылышуу алдын алынып, адамдардын өмүрү сакталган. Тилекке каршы 3 адам жаракат алып, 6 адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg