www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл кышта электр энергиясы тартыш болот

Кыргызстанда алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы кайрадан жаралышы мүмкүн. Бийлик өлкөнүн ички өндүрүшү керектөөнү толук жаба албай турганын эскертти.

Өкмөттүн эсебине ылайык, быйыл Кыргызстанда 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясы керектелет. Анын 15,5 млрд кВт/саатын өлкө өзү өндүрөт, ал эми жетишпеген 4,1 млрд кВт/саат сырттан сатып алынат.

Маселенин дагы бир маанилүү жагы, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан аз. Кыргызстан электр энергиясынын негизги бөлүгүн ГЭСтерден алгандыктан, суу ресурстарынын азайышы кышкы энергетикалык абалга түз таасир этет.

Башкача айтканда, быйылкы кыштагы негизги маселе электр энергиясынын жетишсиздиги гана эмес, суу ресурстарын туура пайдалануу, ички өндүрүштү көбөйтүү жана энергетикалык инфраструктураны даярдоо болуп турат.

Последние новости