www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министр курорттун медициналык пунктун, лыжа жабдууларын ижарага берүү жана оңдоо имараттарын, атайын техника үчүн гаражды, тейлөөчү кызматкерлер жана администрация үчүн имараттарды, ошондой эле суу менен камсыздоо жана башка инженердик инфраструктура объектилерин текшерди.
Учурда объектилерде жер казуу, пайдубал тургузуу, арматуралоо жана бетон куюу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, суу алуучу аянтча курулуп, ички суу түтүк тармактары тартылууда.
Ошондой эле ар бири 1000 куб метр көлөмдөгү төрт ичүүчү суу резервуарын куруу жана канализациялык-тазалоочу курулмаларды орнотуу иштери улантылууда.
Маалыматка ылайык, суу менен камсыздоо инфраструктурасынын алкагында суу алуучу аянтчанын курулушу 95 пайызга, ички суу түтүк тармактарын тартуу 50 пайызга, ал эми төрт ичүүчү суу резервуарынын курулушу 60 пайызга аткарылды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди бекитилген долбоордук талаптарга жана стандарттарга ылайык жүргүзүүнү тапшырды.