www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлө иш алып барып, анда 244 бала тарбияланууда. 2014-жылдан бери мындай үй-бүлөлөрдүн кызматтарынан 400дөн ашык бала пайдаланган. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Фостердик үй-бүлө — бул оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды мамлекет менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгилүү бир мөөнөткө тарбиялоого алган, атайын даярдыктан өткөн үй-бүлө.
Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр түзүмү бюджеттик каражаттарды тартуу менен өнүктүрүлүүдө.
Фостердик ата-эне болууга атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар талапкер боло алат. Министрликтин аймактык башкармалыктары мындай үй-бүлөлөрдөгү балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү шарттарына мониторинг жүргүзүп турат.