www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда психологдордун ишин жөнгө салуу үчүн мыйзам сунушталып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Эл өкүлү психологиялык ишмердүүлүк жөнүндө атайын мыйзам долбоорун атайын адистер менен биргеликте даярдап жатканын билдирди.
Анын айтымында, мыйзамды сунуштоого ата-энелердин арыз-муңу себеп болгон.
"Кыргызстанда психологиялык ишмердүүлүк жок болгондуктан ушул мыйзамды сунуштап жатабыз. Азыркы санарип дүйнөдө мен психологмун дегендердин саны көбөйүп, бир сеанс үчүн 3-10 миң сомго чейин алгандар бар экен. Эки-үч ай психологиялык курстан өтүп алып жашы жете элек балдарга кеңеш берип жатышат", - дейт Сурабалдиева.
Сурабалдиева 61дей психологиялык ассоциациялардын өкүлдөрүн, бул жаатта жүргөн бардык муундагы адистерди чакырып жыйын өткөргөнүн, алар менен макулдашып, мыйзам даярдап жатканын билдирди.
Ал мыйзам бардык кызыкчылыктарды эске алуу менен жазыларын, ага ылайык, бардык психологдордун реестри түзүлүп, ал жерден адистин билими, тажрыйбасы көрүнүп турушу керектигин белгиледи.