www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Сейед Моджтаба Хаменеинин ден соолугу тууралуу маалымат берди.
IRNA билдиргендей, Пезешкиан Хаменеи менен жети саатка созулган жолугушуусун эскерип, анын физикалык абалы жакшы болгонун айткан.
- Ал өзүн абдан жакшы сезип турду, көрсөтмөлөрүн берди. Мен ага өзүмдүн тынчсызданууларым жана көйгөйлөрүм тууралуу айтып бердим, ал болсо мени эч кыйынчылыксыз укту, - деди Пезешкиан.
Белгилей кетсек, буга чейин Батыш ЖМКлары жана саясатчылары Моджтаба Хаменеинин ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөр бар экенин айтып келишкен.
Буга чейин Пезешкиан өткөн аптада Хаменеи менен жолукканы маалымдалган.