www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мектеп окуучулары Жасалма интеллект боюнча III эл аралык олимпиадада (IOAI 2026) ийгиликтүү катышып, алтын жана күмүш медалдарга ээ болушту.

Олимпиада 2–8-август күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн 400дөн ашуун окуучу катышкан.

Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү төмөнкүдөй жыйынтык көрсөтүштү:
Ян Бобрус — “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу, алтын медаль;
Сабыр Алымбеков — “Маариф” билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу, күмүш медаль;
Айвар Тынчтыкбеков — “Акылман” президенттик мектебинин 9-классынын окуучусу, ардак грамота;
Аруке Сулайманова — №6 жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу, олимпиаданын катышуучусу.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы өлкөлөрдүн жалпы рейтингинде 15-орунду ээледи.
Команданы Исхак Тажибаев, Мамат Ишматов жана Артём Беляев жетектешти.

Жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиада мектеп окуучулары арасында өткөрүлүп, анда машиналык үйрөнүү, маалыматтар менен иштөө жана жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилет. 

Последние новости