www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик Бажы кызматынын төргасынын жаңы орун басарлары болуп Карашев Замирбек Өскөнович менен Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна дайындалышты.
Муну аталган кызматтын сайтынын сурап-билүү маалымат баракчасынан көрүүгө болот. Ошондой эле Бажы кызматынын басма сөз кызматы айрым жергиликтүү басылмаларга бул маалыматты ырасташкан.
Эскерте кетсек, Замирбек Карашев буга чейин “Түндүк” темир бажысын, андан кийин “Манас” бажысын жетектеп келсе, Элнура Мамбетжунушева ошол эле “Түндүк” бажысынын жетекчи орун басары болуп иштеп келген.
Карашев мурунку орун басар Нурлан Ражабалиевдин, ал эми Мамбетжунушева төрагалыкка көтөрүлүп кеткен Алтынбек Торутаевдин ордуна келген.
Кызыгы, Элнура Мамбетжунушева туура бир жыл мурун, тактап айтканда, 2018-жылдын 4-декабрында Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ГСБЭП) тарабынан Бажы кызматынын статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Умукеева менен биргеликте бажы пошлиналарына байланыштуу жасалма документ берүү кылмышына шектелип камакка алынышкан. Бирок, “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп алар тууралуу аларды кармаган ГСБЭП да, Мамбетжунушеваны шааардык ИВСге киргизген Бишкек милициясы да, алар иштеген Бажы кызматы да үн чыгарышпай, дым болушкан.
Булак: NazarNews.kg