www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда 2020-жылы жалпысынан жол эрежесин бузган 510 897 факт катталды. Алардын ичинен 8 679 адам мас абалында машине айдап жүрүп кармалган. Убактылуу автоунаа токтотуучу жайга 39 331 машине токтотулду.
2020-жылдын 12 айында республиканын аймагында 6 миң 126 жол-унаа кырсыгы катталып, 2019-жылга салыштырмалуу 8%га азайган.
Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 2020-жылы жол кырсыктарынын кеспетинен каза болгондордун саны 0,7%га жана жаракат алгандардын саны 10,5%га азайган.
Быйыл январь айынын башынан бери катталган жол кырсыктарында ондогон адамдар набыт болуп, жаракат алышты.
Булак: NazarNews.kg