www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медиктердин тобу мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгын текшерип чыгышы керек. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев ооруп жүрөт. Аны бели кыйноодо.
«Алмазбек Атамбаевдин абалы күн сайын начарлап жатат. Ал бир жылдан ашык убакыттан бери абакта олтурат. Ага каршы козголгон иштер кайра кароого жөнөтүлдү. Адамдын өзгөчө абалдан башка убакта тергөө абагында бир жылдан ашык кармоого болбойт», — дейт Замир Жоошев.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы август айында кармалган. Ага жемкорлук жана кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.
Булак: NazarNews.kg