www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-апрелде КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын штаб-квартирасында (Санкт-Петербург) совет доорунун көрүнүктүү актёру, СССРдин эл артисти Кирилл Лавровдун атындагы «Орус маданиятын колдоо жана жайылтуу үчүн» эл аралык сыйлыгынын лауреаттары жарыяланды.
Бул жогорку сыйлыкка төмөнкүлөр татыктуу болушту:
— белгилүү дирижёр, Россиянын Улуттук филармониялык оркестринин жана «Виртуозы Москвы» мамлекеттик камералык оркестринин көркөм жетекчиси Владимир Спиваков;
— Россиянын Улуттук драма театры (Александрин театры)нын президенти Валерий Фокин;
— Санкт-Петербург мамлекеттик академиялык балет театрынын көркөм жетекчиси Борис Эйфман;
— Франциядагы «Апрелик» орус тили жана театр мектебинин негиздөөчүсү Лидия Дробич.
Ошондой эле бул абройлуу сыйлык Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрына (Бишкек, Кыргызстан) ыйгарылып, салтанатта театрдын директору Сергей Бардаковго тапшырылды.
Эл аралык сыйлыктын эстелик белгиси быйыл дүйнөдөн кайткан, Тбилисидеги А. С. Грибоедов атындагы мамлекеттик орус драма театрын жана «Орус клубу» эл аралык маданий-агартуу союзун жетектеген Николай Свентицкийге берилди.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын КМШ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ирина Соколова азыркы шартта орус маданиятын жайылтуу, орус тилин жана чет өлкөлөрдөгү орус театрларын колдоо өтө маанилүү, бирок татаал милдет экенин белгиледи.