www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамдын 30-беренесинин аткарылышы жана Региондорду өнүктүрүү фонддордун каражаттары тууралуу сөз болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев азыркы тапта 47 регионалдык өнүктүрүү фонду бар экенин белгиледи.

«Алардын жетөө облусттук фонддорго кирет, калган кыркы райондук. Аталган өнүктүрүү фонддорго тиешелүү бир нече каржы булактары каралган. 2015-жылдан азыркы күнгө чейин жалпы 2,2 млрд сом акча чогулган. Анын 1 млрд 961 млн сомуна 888 долбоор ишке ашырылган», - деди ал.

Талкуу маалында депутат Кожобек Рыспаев фонддорго чегерилген каражаттар кандай пайдаланылып жаткандыгы тууралуу так маалымат жоктугуна токтолду.

«Айрым фонддордун каражаты майда-барат долбоорлорго гана жумшалып, калкка керектүү иштер жасалган эмес. Буга мисалдар көп. Андыктан каражаттарды натыйжалуу пайдалануу маселесин чечүү зарыл», - деп кошумчалады ал.

Депутат Экмат Байбакпаев каражаттар утурумдук гана маселелерди жоюуга багытталып жатканын айтып, өндүрүштүк ишканаларды курууга жумшалса жакшы болмок деген пикирин билдирди.

Ушундай эле ойго токтолгон депутат Замирбек Эсенаманов регионалдык өнүктүрүү фонддору аркылуу бир да ишкана курулбаганын сынга алды.

«Учурда 374 айыл өкмөт дотацияда отурат. Бир айылдан турган 76, эки айылдан турган 48 айыл өкмөт бар. Андыктан жергиликтүү башкаруу органдарын реформалап, фонддордун каражаттарын рационалдуу пайдаланышыбыз керек. Алсак Чаткал айыл аймагындагы Мазар-Сай участогунда эки көпүрө курулчу акчага бир көпүрөнү курууга кеткен акча жумшалган. Мындай мыйзамсыз иш аракеттер арбын. Келген арыздар көп», - деди ал.

Талкуудан соң тиешелүү мыйзамдардын аткарылышы жетишсиз экени белгиленип, бир катар сунуштар айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости