www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инанды Түркия Элчилигинин жер төлөсүндөбү?

Кыргыз Республикасынын жаранын Түркия уурдап кеткен болгон болсо, эки өлкөнүн ортосунда чоң скандалга айланышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда жарандык активист Гүлжигит Исаков жазып чыкты.

«Саат 16 15. Түркиянын Бишкектеги Элчилигинин тегерегинде эч ким жок.

1-вариант: «Сапат» лицейлеринин жетекчиси, Кыргызстандын жараны, Орхан Инанды Түркия элчилигинин жер төлөсүндө кармалып турат деген такталбаган маалымат келди.

2-вариант: Аэропортко атайын менчик учак келип конгону дагы факт. Алып кете элек болсо, ушул самолёт менен алып кетиши ыктымал.

3-вариант: Орхан Инандыны Элчиликтен башка жерде кармап турушат. Ыңгайы келгенде даяр учакка салып кетишет.

4-вариант: Ыктымалдуулугу аз болсо дагы түн ичинде алып кетип калган болушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жаранын Түркия уурдап кеткен болгон болсо, эки өлкөнүн ортосунда чоң скандалга айланышы ыктымал. Эгерде бийликтин уруксаты менен ишке ашкан болсо, анда бийлик дагы өзүнө көр казган болот, ӨЛКӨБҮЗДҮН ДАГЫ АБРОЮ ТҮШӨТ.

Өлкөбүздүн имиджин оңдоо үчүн көп жылдардан бери акчалай жагынан, маалымат жагынан, убакыт жана башка русурстар жагынан мээнет жумшалып келет.

Кашыктап топтогонду, чөмүч менен чачкан болуп калабыз...», - деп белгилеген Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости