www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, «Катар Черити» кайрымдуулук уюмунун башкы аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда гуманитардык, социалдык-экономикалык жана билим берүү долбоорлору боюнча кызматташууну улантуу жана активдештирүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Катар менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүп, кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин жана мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди мындан да жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып келаткан, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жаткан гуманитардык чөйрөдөгү долбоорлорду жогору баалады.

Мамлекет башчысы өлкөнүн агрардык тармагындагы чоң мүмкүнчүлүктөргө токтолуп, алыскы райондордун инфраструктурасын жакшыртуу, өзгөчө социалдык объектилерди куруу, айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу, өндүрүш иштерин жолго коюу жана башка чөйрөдө кызматташтыкты улантууну сунуштады.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров катар кайрымдуулук уюмун билим берүү долбоорлорун биргелешип ишке ашырууга үндөдү.

Тагыраак айтканда, өлкөнүн алыскы райондорундагы мектеп окуучулары үчүн маалыматтык технологияларды, англис жана араб тилдерин үйрөтүүчү борборлорду ачып, аларды зарыл техникалык жабдуулар менен жабдып, интернет байланышы менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Кайрымдуулук уюмунун башкы аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари бул боюнча эки тараптуу алакага Катар оң карай турганын жана мындан ары да түрдүү тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Анын айтымында, 2019-жылдан бери «Катар Черити» уюму эки миңден ашык долбоорду ишке ашырган жана анын негизги багыттарынын бири калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, мектептерди жана жолдорду куруу болуп саналат.

Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари уюмдун дүйнө жүзү боюнча 60 филиалы бар экендигин, эки өлкө ортосундагы достук мамиленин негизинде Кыргызстандагы филиалына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Башкы аткаруучу директор кайрымдуулук уюмунун ишине жакшы шарттар тузүлгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да кызматташууга жана Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экендигин дагы бир ирет белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости