www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Максат, Тажикстандын Овчу-Калача айылдарынын ортосунда милициянын биргелешкен жөө патрулу коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушуусунда макулдашылды.

Жолугушууда жетекчилер 28-30-апрелде орун алган окуянын кесепеттерин жоюу, эл арасында кооптонууларды жок кылуу үчүн, түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын белгилешти.

Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы бир катар маселелерди жеринде чечүү үчүн, чек ара аймактарын бирге карап чыгышты.

Белгилей кетсек эки облус башчысы буга чейинки жолугушууда, чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөрдү кечиктирбей, ыкчам чечип туруу үчүн, жума сайын жолугуп турууну макулдашышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости