www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнда депутат Рыскелди Момбеков УКМКга сурак берүү үчүн кирип кетти. Ал журналисттерге кайсы маселе боюнча чакырылганын билбей турганын айтты.

Момбеков Кумтөр кени боюнча чакырышканын божомолдоду.

«2003-жылы Кыргызстан Кумтөрдөгү үлүшүнөн, 2009-жылы 16 миң га жеринен ажыраган. Мен Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары ушул 2 маселеге басым жасагам. Мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктаганда корутундуга өзүмдүн өзгөчө пикиримди жазгам.

«Корутунду менен толугу менен макул эмесмин, 3 нерсеге каршымын. 2003-жыл менен 2009-жылды кыйгап өтүп, мындайча айтканда чечимдерден аттап өтүп, сүйлөшүүлөргө басым жатасыңар, бул тандалма саясат.

Менин сунушум, Кумтөрдү улутташтырыш керек» дегем. Балким ушунун негизинде мени суракка чакырышса керек. Күбө катары суроолору бар экенин айтышты. «Күнөө болгон жерде күбө болот». А бирок бул жакка киргенде күбөдөн күнөөлүү кылып коюп жатпайбы», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости