www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылынын төрт тургунун бир айга камакка алуу чечими чыкты. Мындай чечим Кадам-Жай райондук соту тарабынан чыкты.

Нурбек, Улукбек, Үсөн Сапарбаевдер жана Зайнидин Бердиев 11-январь күнү кечинде укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган болчу. Алар чек арадагы конфликтеги провакацияга шектелүүдө.

Буга чейин 10-январь күнү кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра курчуган. Анда коңшу өлкөнүн жарандары кыргызстандыктардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө кол салып, андан кийин окуя болгон жерге барган кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарган. Андан кийин, жергиликтүү тургундар Ош-Баткен-Исфана жолун бууп салышкан.

Кечээ, 13-январда Бишкекте Жогорку Кеңештин алдында Баткендеги чек ара маселеси боюнча митинг өтүп, анда көйгөйдү чечүүнү президент өз көзөмөлүнө алуусун жана кармалган төрт жарандын коё берилишин талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости