www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл камчы күйөөнү кантип тааныса болот?

Үй-бүлөсүн дайым катуу көзөмөлдө кармайт. Алар кандай жумушта иштейт, балдары кайсы бала бакчага, мектепке барат, бош убакытты кандай өткөрүү керектигин бүт өзү чечет.

Үй-бүлөдөгү өзүнүн таасирине ашкере ишенет. Ошондуктан дайыма аялдын орду кайда экенин көрсөтүп турат. Кыймылсыз мүлк алууда, каржы маселесине келгенде тыкыр көзөмөлгө алат.

Аялы ага көз каранды болгудай абалга кептейт. Акча жагынан көз каранды кылуу үчүн жумуштан чыгаруусу мүмкүн. Кылган ишинен кынтык таап, "туура эмес боёндуң", тамагың супсак  деген сындарды айтат.

Орой тамашалайт же болбосо ачык эле шагын сындырып кагат. Кандай жол менен болсо да аялдын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүүнүн үстүндө болот.

Аңдып, баскан-турган изине чейин көзөмөлгө алат. Телефонун текшерип, жумушуна чалып, сүйлөшүүлөрдү тыңшап... Кыскасы, кызганууга негиз жок болсо да шылтоо издей берет.

Үйдө бир маселе жаралса талкуулабайт. Буйрук бергенди, талап кылганды гана билет.

Эгер колу тийсе, туура эмес кылган иши үчүн жазаладым деп кайра аялды күнөөлөйт. Көпчүлүк эркектер аялын сабагандан, ал өзүн алсыз сезип ыйлап отургандан ырахат алат. Айрымдары ичиндеги топтолгон стрессти ушундай жол менен чыгарат.

Тилекке каршы, турмуш курганга чейин эркектин кызыл камчы экенин аныктоо мүмкүн эмес. Бирок талапты ашкере койгон, сынчыл, чектен ашып көзөмөлгө ала берген, ишеним артпай шекший берген эркектен алыс болгон оң. Көпчүлүк учурда "күчтүү", "чечкиндүү", "камкор" эркектин ичинде чоң муштум эркек жашынып жүргөн болот.

Булак: Леди.kg

Последние новости