www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Дэнь Сяопин менен Барпы Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде эки күндөн бери суу каптап жатат. Бул тууралуу видеону Телеграммга “Бишкек сегодня” каналы жүктөгөн.

“Бишкек шаардык сүү түтүк" ишканасынын башчысынын орун басары Мурадин Сейдалиев эки көчөнүн кесилишинен алыс эмес жерден таза суунун темир түтүгү жарылып кеткенин жергиликтүү маалымат булактардын бирине билдирди. 

“Аны казып алышып, тешилген жерди табышты, жумуш жүрүп жатат. Бүгүн жасайбыз”,-дейт Сейдалиев.

Ал дагы ушундай суу каптоону алдын алууга атайын чара көрүлөбү деген суроого, биринчи азыркы көйгөйдү чечип алалы “анан көрөбүз” деп жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости