www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарында мыйзамсыз акча чогултуу боюнча коррупциялык схеманы аныктап, бөгөт койду.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 5-июлунда Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен «Кадамжай» жана «Чечме» көзөмөл-өткөрүү пункттарында пара алууга шектелген кызмат адамдары кармалган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») менен кылмыш иши козголгон. Тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү улуттук валюта, өзбек сумдары жана АКШ долларлары табылып, далил катары алынган.
Кошумча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн «Кадамжай» өткөрүү пунктунан 17 чек ара кызматкери, Мамлекеттик бажы кызматынын 5 кызматкери, ветеринардык көзөмөл кызматынын бир кызматкери, бир фельдшер жана 3 жаран УКМКга жеткирилген. Ал эми «Чечме» өткөрүү пунктунан 11 чек ара кызматкери жана бажы кызматынын 3 кызматкери жеткирилген.
Учурда мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
УКМК кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу, алуу же берүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертип, мындай фактылар боюнча тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды.