www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи өттү.

Иш-чара “Рух-Ордо” маданий борборунда уюштурулуп, анда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилди. Салтанатка 40 этно-жоокер катышты.

Лидерлер Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, Кыргызстандын жана Пакистандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң мамлекет башчылары Ардак кароолдун катарын кыдырып, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышты.

Жолугушуунун алкагында Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлуна өтүп, протоколдук сүрөткө түшүштү жана эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Последние новости