www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) системасынын алкагында утилизациялык төлөм төлөө милдети киргизилгенин эскертти.

ӨКЖ системасы өндүрүүчүлөр менен импорттоочуларды товарлар жана таңгактар колдонулгандан кийин аларды кайра иштетүүгө жоопкер кылган мамлекеттик механизм болуп саналат.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтому менен ӨКЖ системасына кирген 24 товардык топ бекитилген.

Алардын арасында аккумуляторлор, автошиналар, майлоочу майлар, пластик жана картон таңгактар, тиричилик техникалары жана башка товарлар бар.

Маалыматка ылайык, импорттоочулар товар өлкө аймагына киргизилгенден кийин 15 күндүн ичинде, ал эми өндүрүүчүлөр ар бир квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин утилизациялык төлөм төлөөгө милдеттүү.

ӨКЖ системасын ишке ашыруу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн.

Министрлик белгилегендей, түшкөн каражаттар таштандыларды кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза технологияларды киргизүүгө багытталат.

 Төлөмдү өз убагында жүргүзбөө мыйзамда каралган административдик жоопкерчиликке алып келет.

Последние новости