www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми жарандар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн кайрылуу жөнөтө алышат.
Жаңы кызмат аркылуу кагаз түрүндө арыз жазуунун, почта аркылуу жөнөтүүнүн же Президенттин администрациясына жеке кайрылуунун зарылдыгы жок.
Бардык кайрылуулар электрондук форматта кабыл алынат.
Колдонуучулар кайрылууга расмий документтерди, сүрөттөрдү жана башка кошумча материалдарды тиркей алышат. Жөнөтүлгөн арыздар каттоого алынып, жарандар анын каралуу абалын тиркеме аркылуу көзөмөлдөй алышат.
Кызматты колдонуу үчүн “Түндүк” тиркемесин акыркы версияга жаңыртып, башкы беттеги «Президентке кайрылуу» бөлүмүн тандоо керек.